ОГПИНИН “МУРАС” КЕРБЕНИ БАТКЕНДЕ

  • 25.02.2021
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун  “Мурас” кербени өзүнүн кезектеги сапарын Баткен облусунда улантты. Бул ирет институттун алдында түзүлгөн  ЖОЖго чейинки  даярдоо  борборунун  мүчөлөрү Баткен жана Кадамжай райондорунун орто мектептеринде болуп, окуучуларга жана мугалимдерге тренинг-семинар уюштурулду.

Аталган саамалык  алгач Баткен районунун  Ж.Байжигитов, Д.Акматов, Токтогул, атындагы орто мектептеринде, ошондой эле  Баткен облустук жатак гимназиясында  жана Кадамжай районунун №30 О.Тешебаев, А.Шамурзаев атындагы орто мектептеринде болушуп, жогорку класстын окуучуларына мотивациялык жана ЖРТга даярдоо,  ага багыт берүү боюнча  кыргыз тили жана адабияты, биология предметтери боюнча тренинг өтүштү.

Облустун окуучулары билимге ашыккан, мугалимдери дасыккан тажрыйбада иш алып бараары жана өзгөчө билим чөйрөсүн түзүп, аны кеңейтүүгө болгон күжүрмөн эмгектери байкалды.

Маалыматка ылайык 2020-2021-окуу жылында ОГПИнин алдында ЖОЖго чейинки даярдоо борбору ачылып, аталган борбор “Мурас” телестудиясы менен биргеликте кербен уюштурушуп, январь айынан тарта элет жерлеринде иш жүргүзө баштады. Белгилүү болгондой өлкөбүздөгү кырдаал дагы-да толук кандуу жакшыра элек. Аны эске алуу менен алгач алыскы аймактардагы мектептерди кыдырып, элет жериндеги окуучуларга жалпы багыт көрсөтүү менен жалпы республикалык тест (ЖРТ) боюнча жаңы маалыматтарды жеткирүүгө аракеттенишүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер