ОГПИНИН 1-КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ КҮЧ СЫНАШУУДА  

  • 09.10.2019
  • 0

Окуу жайга жаңыдан кадам таштаган 1-курстун студенттеринин ортосундагы ынтымакты  спорттук мелдеш бекемдөөдө.

ОГПИНИН 1-КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ КҮЧ СЫНАШУУДА  

Бул таймаш спорттун беш түрүн камтып, алгач факультеттер ортосунда кыздар жана балдардын воллейбол оюну менен старт алды.  Мелдешке чоң жоопкерчилик жана өзгөчө даярдык менен келген командалар оюнда өз жигердүүлүгүн көрсөтүп, факультеттердин намысын коргоп жатышат. Жаштардын жаңы деми менен коштолгон оюн кызуу уланууда, жеңүүчү командалар мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө сыйланышат.

Белгилей кетсек, бул саамалык ОГПИнин дене тарбия факультети жана  Жаштар комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер