ОГПИДЕ ӨЗДҮК ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 04.12.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жаңы курулган жылуулук берүүчү борбор ишке берилди.

ОГПИДЕ ӨЗДҮК ЖЫЛУУЛУК БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Жылуулук берүүчү от казандын курулуш иштери ушул жылдын жай мезгилинде башталып, учурда толук буткөрүлүп ишке берилди. Аталган борбор окуу жайдын атайын эсебинен курулуп, жогорку сапаттагы заманбап каражаттар жана буу казандар менен жабдылды.

Учурда от казан институттун эки окуу корпусун толук түрдө жылуулук менен камсыздоодо. Мындан сырткары жакынкы күндөрдө эки имараттан турган студенттик жатаканага да жылуулук берүү ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, буга чейин окуу жайды Ош шаардык жылуулук электр борбору жылуулук менен камсыздап келген. Эми институт өздүк жылуулук борбору аркылуу жылытылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер