ОГПИДЕ “САНАРИП — 2020” ДЕКАДАСЫ ӨТТҮ

  • 22.10.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинин окутуучулары 28-сентябрдан 7-октябрга чейин “Медиа жана маалыматтык сабаттуулук” деген теманын негизинде өз билимдерин жогорулатышты.  

ОГПИДЕ “САНАРИП - 2020” ДЕКАДАСЫ ӨТТҮ

Семинарды Ош билим берүү институтунун  адистери Эңсегүл Ураимова жана Тынчтык Досмуратов өткөрүп, окутуучуларга медиа тармак боюнча негизги жана керектүү маалыматтарды беришти. Муну менен бирге медиа жана маалыматтык сабаттуулук жөнүндө түшүнүктөрдү, эрежелерди, Google кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрүн, видео сабактарды даярдоонун усулдарын жана ыкчам электрондук тест алуунун ыкмаларын окутуп, үйрөтүштү. Калбү Матраимова КРдеги жалпы  билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тууралуу да кенен маалымат берип өттү.

Учурда санариптештирүүнүн ролу кеңейип, аралыктан окутуу уланып жаткан учурда окутуучулар үчүн уюштурулган бул семинар бир топ пайдалуу болуп, алардын талапка жараша иш алып баруусуна көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, аталган саамалык Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин  жарыяланган “Санарип — 2020” декадасынын негизинде уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер