ОГПИДЕ ИНТЕРНЕТТИН ОҢ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ   

  • 14.11.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Интернет маалымат булактарынын жаштарга тийгизген таасири” деген аталышта тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы кабарлады.

Иш-чарада Ынтымак телерадио компаниясынын башкы адиси, журналист А.Беделбай кызы жана улук окутуучулар  Б.Эргешова, Г.Айтиева менен бирге теманын алкагында баяндама жасашып, катышуучуларга интернет тармагы жөнүндө, анын зыяндуу жана терс жактары, сайттардан маалымат алуунун жөнөкөй эрежелери тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары учурда Кыргызстанда  эл көп колдонгон сайттарга да токтолушуп, ошону менен бирге студенттер үчүн пайдалуу маалыматтар чагылдырылган сайттарды сунуштоо менен электрондук досканын жардамында түз көрсөтүп беришти. Андан сырткары интернет булактарын туура пайдалануу, социалдык тармактардын билим алууга тийгизген терс таасирлери ж.б. маселелер баюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер