ОГПИДЕ 14-ЭМГЕК АКЫ БЕРИЛЕТ

  • 29.12.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жалпы жамааттын жана студенттердин катышуусунда 2020-жыл жыйынтыкталып, мыктыларга сыйлыктар ыйгарылды.

ОГПИДЕ 14-ЭМГЕК АКЫ БЕРИЛЕТ

Салтанаттын башында окуу жайдын жетекчиси Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, өтүп бараткан жыл боюнча кеңири маалымат берди. Өз сөзүндө өлкөдө жаралган кырдаалга байланыштуу баардык иштер аралыктан аткарылып, билим берүү жана маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулганын белгилеп, андагы окутуучулардын изденүүлөрү, эмгектери боюнча токтолуп, жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирди. Муну менен катар жыл жыйынтыгы иретинде жалпы эмгек жамаатка ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында сый акылардын жогорулашы, СоцПакет долбоору жана 13-14- айлыктардын берилиши тууралуу бир нече чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Майрамдык кече сыйлык тапшыруу аземи менен уланып, жыл бою өткөрүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жалпы окуу жайдын жетишкен ийгиликтерине себепчи болгон окутуучуларга жана студенттерге акчалай сыйлыктар, майрамдык белектер тапшырылды. Иш-чаранын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолуп, майрамдык  ыр-бийлер тартууланды.

Расмий маалымат:

2020-жылдын жыйынтыгы менен ОГПИнин атайын эсебинен жалпы кызматкерлерге, окутуучулук-профессордук курамга 12 500 сомдон 20 000 сомго чейин 13-эмгек акы катарында эмгекке шыктандыруу жана материалдык колдоо максатында сый акы төлөнсө, эми кичи тейлөөчү кызматкерлер  7000 сом өлчөмүндө сый акыга ээ болушту.

Мындан сырткары 2020-жылга каралган атайын каражаттардын сметасынан үнөмдөлгөн башка беренелердин эсебинен  окуу жайда эмгектенген жалпы кызматкерлерге 5000-6000 сом өлчөмүндө сый акы 14-айлык иретинде бериле турган болду.

 

Сыйлыктар…

Аталган майрамдык салтанатта жыл ичинде эң мыкты иш алып барган жана жагдайга ылайык өздөрүнүн иш тажрыйбасын көрсөтө алган окутуучулар окуу жайдын жетекчилиги тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

  • 2020-жылдын 21-декабрындагы ректор алдындагы апталык кеңешменин чечимине ылайык Социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобонун негизинде 4 окутуучу материалдык жардам иретинде  50 000 сом акча каражаты менен камсыздалды.
  • «COVID-19» пандемияга байланыштуу Ош шаарындагы абал турукташтыруу боюнча Мэрия тарабынан түзүлгөн мобилдик топто мыкты иш алып баргандыгы үчүн 11 кызматкерге 12500 сом өлчөмүндө сый акы берилди.
  • Өлкөбүздө жаралган кырдаалга байланыштуу аралыктан өткөрүлгөн сабактардын жыйынтыгын чыгаруу максатында окутуучулар ортосунда жарыяланган “Эң мыкты видео-сабак” конкурсунун 20 катышуучусу 10 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты менен сыйланды.
  • Кызматкерлердин ден-соолугуна кам көрүү багытында 12 кызматкерге ден-соолук чыңдоо борборуна 10 күндүк жолдомо берилди.

Бул менен катар Эл аралык, Республикалык, шаардык деңгээлдеги сынактарга, илимий конференцияларга активдүү катышып, окууда мыкты ийгиликтерди жараткан 50дөн ашуун студенттер да акчалай сыйлык, Ардак грамота, ыраазычылык кат, диплом жана башка көптөгөн баалуу белектер ыйгарылды.

Өтүп бараткан чычкан жылы, баарыбыз үчүн эч бир жылга окшобогон, олуттуу оору менен коштолгон жагымсыз жыл болду окшойт. Бирок, катарда ооруга чулганып отурбай өз учурунда ишти аткарып, эмгек жаратып койгон мыктылар татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер