ОГПИ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙТ

  • 30.10.2019
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда ар жылы салтка айланган жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу максатында уюштурулуп келген  «Таланттарды издейбиз!»  аттуу фестивалы өтүүдө.

ОГПИ ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙТ

1-курстун студенттеринин алгачкы сахнага чыгуусуна шарт түзгөн бул конкурс үч этаптан туруп, биринчи айлампасы тайпалар ортосунда өтсө, экинчи айлампасы институттун деңгээлинде факультеттер арасында өтүп, калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган талант ээлери гала концертке фестивалдын лауреаты катары жолдомо алышат.

Кароо сынактын жобосуна ылайык, катышуучулар фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүшүүдө.

Иш-чараны жыйынтыктоо иретинде болуучу гала концертке жолдомо алган катышуучулар  өздөрүнүн өнөрлөрүн чоң сахнада да элге тартуулашып, окуу жайдын атайын сыйлыктары, диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер