ОГПИ  ПРОГРАММАЛЫК ЖАНА ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК  АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 11.01.2021
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институту  “Эл баасы” агенттиги тарабынан  программалык жана институционалдык аккредитациядан өттү.

Аталган агенттик тарабынан  түзүлгөн комиссия   окуу жайдын ар бир факультетинин жана андагы кафедралардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу үчүн бөлүнүп, белгиленген стандарттарга байланыштуу окуу жайдын билим берүү тармагы жана түзүлгөн шарттары, мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчөлүктөрү менен  таанышып чыгышты. Андан сырткары иш берүүчүлөр, ата-энелер жана студенттер менен онлайн маек куруп, тиешелүү суроолорго жооп алышты. Ал эми окуу жайдын жетекчилиги  жана  окутуучулары менен маңдай-тескей отуруп баарлашышты.

Жыйынтыгында  окуу жайдын педагогикалык-гуманитардык багыттагы бардык адистиктери  беш жылдык мөөнөткө  Билим берүү программаларын ишке ашырууга сертификатына ээ болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер