ОГПИ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН ӨТКӨРДҮ

  • 05.06.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда бүтүрүүчүлөрдү узатуу салтанаты онлайн болуп, болочоктогу агартуучуларга расмий түрдө куттуктоолор айтылды.

ОГПИ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН ӨТКӨРДҮ

Иш-чарада “Ак жол сага бүтүрүүчү” деген аталышта онлайн коференция уюштурулуп,  окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, факультеттердин декандары  жана жогорку жана орто билим берүү адистигинин бүтүрүүчүлөрү катышты.

ОГПИ БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН ОНЛАЙН ӨТКӨРДҮ

Алгач окуу жайдын ректору Б.Зулуев  бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна байсалдуу сапар каалап, мыкты кадр катары өз билимдерин турмушта колдонуп жүрүшүнө тилктештигин билдирүү менен жалпы эмгек жамааттын атынан кызуу куттуктады. Бул менен катар ректор жалпы бүтүрүүчүлөргө кайрылып,  коомдо жаралган жагдайга ылайык, мантия кийип, студенттик сахнада акыркы ирет концерт тартуулоонун ордуна минтип үй шартында онлайн бүтүрүү аземине  дуушар болуп жатканыбызды туура түшүнүү менен кабыл алып, болуп жаткан апаатты биргеликте, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү менен жеңээрибизди белгиледи. Ошондой эле студенттердин атынан да өкүлдөр өз ойлорун айтышып, окуу жайга, эмгек жамаатка өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү суроо-жооп  менен коштолуп, бүтүрүүчүлөр бир нече суроо, сунуш, ой-пикирлери менен кайрылышып, окуу жай жетекчилиги тарабынан ачык жоопторду ала алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер