ОГПИ — АУЦА  КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 12.04.2021

Борбордук Азиядагы  Америка университетинин Президенти Эндрю Качинс иш сапары менен Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна барып, окуу жайдын ректору Бемурза Зулуев менен жолугушту.

“Эки окуу жайдын алакасын арттыруу үчүн мобилдүүлүк программаны жөнгө салып, окутуучулардын жана студенттердин алмашып окуусуна көңүл бурушубуз керек. Биздин иш үстүндөгү келишимибиз кагаз үстүндө калбастан, конкреттүү ишке ашуусун каалайм”, — деп билдирди Эндрю Качинс.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетекчилер билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар маселелерди талкуулап, алдыда бирге  кызматташууну макулдашышты.

 

Белгилей кетсек, ОГПИ менен АУЦАнын ортосунда окутуучулар менен студенттер мобилдүүлүк программасы аркылуу тажрыйба алмашып келишкен.

Бөлүшүү