ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

  • 28.04.2020
  • 1

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда учурдагы билим берүү айдыңында кызуу жүрүп жаткан аралыктан окутуу иш-аракети боюнча студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү.

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

Ал дистанттык формада билим берүүдө жана алууда  технологияларды колдонуу менен аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессин натыйжалуу уюштурууну андан ары өнүктүрүү максатында окуу жайдын окуу бөлүмү тарабынан уюштурулду.  Мында студент институттун расмий сайтындагы AVN билим берүү жана маалыматтык башкаруу системасы аркылуу логин, поролу менен кирип,  суроолорго жооп беришти. Баалоого жалпысынан 1200гө жакын студент катышып, өз ойлорун билдиришти. Жыйынтыктары электрондук негизде  эсептелип, төмөндөгүдөй (сүрөттөрдө) көрсөткүчтөрдү берди.

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

Жыйынтыгында  аралыктан ишке ашырылып жаткан окутуу процессинин  жана аралыктан билим берүүдө окутуучулардын иш-аракетинин сапаты, ошондой эле программалык каражаттарды колдонууда жаралган мүчүлүштүктөр боюнча студенттердин ой-пикирлери ачык маалым болду.

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

Белгилей кетсек, ОГПИнин дистанттык билим берүү жана окуу бөлүмү тарабынан учурдагы абалды жөнгө салуу, окутуу прецессин үзгүлтүккө учуратпоо жаатында максаттуу пландар түзүлүп, анын алкагында бардык факультеттерде аралыктан билим берүү иш-аракети кызуу жүрүүдө.

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

 

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

ОГПИ: АРАЛЫКТАН ОКУТУУ, ОНЛАЙН СУРАМЖЫЛОО

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Таасилкан / 28.04.2020 21:12
Окутуучуларга чыгармачылык менен иштоого жана жаны технологияларды оздоштурууго абдан сонун мумкунчулуктор жаралууда