ОГПИ 2018-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЫРЗАСЫН ТАНДАДЫ

  • 19.03.2018
  • 0

15-мартта Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда  «ОГПИнин МЫРЗАСЫ — 2018» аттуу жигиттердин сынагы болуп өттү. Бул  тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

ОГПИ 2018-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МЫРЗАСЫН ТАНДАДЫИш-чара Аймактарды өнүктүрүү жылына карата жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, улуттук каада-салттарды жана маданиятты өз деңгээлинде калыптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Конкурсанттар сынактын жобосунда белгиленгендей, “Саламдашуу”, “Интеллектуал мырза”, “Күч сынашуу” жана “Таланттуу мырза” деп аталган төрт тапшырма боюнча таймашышып, сахнада өз чеберчиликтерин тартуулашты.

Сынакка жалпы жети мырза катышып, жыйынтыгында  3-орун — “ОГПИнин олимп мырзасы – 2018” наамын табият таануу жана география факультетинин студенти Капаров Өмүрбек, 2-орун — “ОГПИнин таланттуу мырзасы — 2018” наамын  музыкалык-педагогикалык факультетинин мырзасы Шакиров Майрамбек, ал эми башкы 1-орунду дене тарбия факультетинин студенти Кубанычбек уулу Азирет ээлеп, окуу жай тарабынан атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев катышуучуларды Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына саякатка барышаарын белгилеп, мырзаларга жана аларды даярдап алып чыккан факультеттерге ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер