ОФЛАЙНГА ӨТҮҮНҮН ЭКИ ФАКТОРУ

  • 26.08.2021
  • 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 25-августтагы  өкмөттүк жыйында мындан ары окуу жылы 15-сентябрда башталарын белгилеп, анын негизги факторлоруна токтолуп,кыскача түшүндүрмө берип өттү.

-Биринчиси — элдин ден соолугу. Билим берүү чөйрөсү менен 2 миллиондон ашык адамдын ишмердиги байланышкан. Демек, 100 миңден ашык адамдын эмдөө иштеринен 1,8 млн. баланын тагдыры көз каранды. Алар бүтүндөй өлкөнүн тагдырына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул убакыт аралыгында эмдөө иштери аяктаса, коомубузда коопсуз чөйрө түзүлмөкчү. Мындай шартта мугалимдер да, ата-энелер да балдарын жаңы окуу жылына эч кандай тоскоолдуксуз даярдай алаышат, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы. Ал эми экинчи  экинчи фактор деп төмөндөгүлөрдү айтты:

-Быйыл окуу жалын салттуу режимде баштайбыз деген ишеничтебиз. Эки жылдан бери онлайн-окутуу жүргөндүктөн, билим берүүнүн сапаты бир аз төмөндөп кетти.   Кыргызстандагы билим берүү системасы онлайн-окутууда кээ бир жетишкендиктерге жетти, бирок окуу процессин ушул жылы да онлайн форматта өткөрүү мүмкүн эмес. Онлайн-окутууда ЖРТнын жайынтыгы 2019-жылга салыштырганда орточо 123 упайдан 120 упайга чейин төмөндөгөн. Ал эми быйыл орточо көрсөткүч 0,4 упайга гана көбөйгөн. Мурунку жылдары орточо упай жыл сайын өсүп турса, онлайн-окутууда төмөндөдү. Ошондуктан окутууну офлайн форматка өткөрүүгө шарт түзүшүбүз керек», — деди  Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

(М.К)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер