ОБЛУСТУК СЕМИНАР

  • 02.06.2022
  • 0

24-май күнү Аксы районунун Э. Даникулов атындагы N⁰24 Кызыл-Капчыгай жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Окуучунун жан дүйнөсүн толкуткан, тил, адабият сабактарын окутам»деген темада  облустук семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Нарымбетова Н. 8-класска Жеңижок акындын «Аккан суу» чыгармасын, 11-класска «Энчилүү аттардын жазылыш эрежелери» деген темада, Ж.Ашырбекова 5-класска А.Осмоновдун «Кыргыз тоолору» чыгармасын, физика мугалими Ж. Козугулова 7-класска «Ак калпак — ата мурасы» деген темада тарбиялык сааттарды өтүштү. Сабактар учур талабына ылайык жаңы технологияларды колдонуу менен интерактивдүү усулдарда өтүлдү. Семинардын экинчи бөлүгүндө «Жер соорусу Аксыдан залкарлар чыккан таңшыган»деген темада адабий-музыкалык кече тартууланып, анда Аксынын залкар акындарынан жаралган ырлар көркөм окулуп, чыгармалар сахналаштырылып, обондуу ырлар ырдалып, күүлөр чертилди. Жыйынтыгында семинардын катышуучулары семинардын жүрүшүнө эң жакшы деп баалашып, ой пикирлери менен бөлүштү.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер