ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 17.03.2023
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда окуучулардын республикалык олимпиадасынын III турунда байгелүү орундарды камсыз кылып, ийгиликке жетишкен окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Сыйлоо салтанатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана акимдин орун басары Улан Жылтыров райондун намысын коргогон окуучуларды жана аларды окуткан мугалимдерин куттуктады. Жеңүүчүлөр облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты жана ар бирине “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Азимжан Ибраимов атындагы стипендия (эки миң сом) тапшырылды.

ОБЛУСТУК ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Жеңүүчүлөргө ийгилик каалаган Каныбек Эсеналиев олимпиаданын республикалык этабында жеңишке жетишкендерге демөөрчүлөр тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Нарын шаарында өткөн предметтик олимпиаданын III облустук туруна Ак-Талаа районунан 24 окуучу катышкан. Жыйынтыгында 1-2-орунду ээлеген үч окуучу олимпиаданын IV республикалык этабына катышууга жолдомо алган.

Бөлүшүү

Комментарийлер