ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 13.04.2021
  • 0

Чүй облусунун Москва районундагы “Таң нуру” өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунда жаш таланттардын «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу республикалык сынагынын облустук этабы жыйынтыкталды.

“Балажан” балдар борбору менен Билим берүү жана илим министрлиги биргеликте уюштурган бул сынакка облустун баардык райондорунан 120дан ашык жаш таланттар катышты.

ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдыраева билдиргендей, бул сынакта облустун жети жаштан 17 жашка чейинки өнөрлүү балдары вокал, хореография жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

— Облусубуздун жаш таланттарынын өнөрлөрү кесипкөй калыстар тобу тарабынан жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бааланды. Натыйжада 50дөн ашуун бала облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын алышты, — деди ал.

ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Сынакта Панфилов районундагы “Башат” балдардын чыгармачылык борборунун катышуучулары өзгөчөлө алышты десек болот. Сынакка катышкан борбордун жети окуучусунун жетөө тең сыйлыктарга татыктуу болушту. Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Мыскал Алымбаеванын айтымында, вокал номинациясы боюнча Нурмухамед Турдалиев, музыкалык аспаптарды ойноодо Аида Сатыбалдиевалардын өнөрлөрү татыктуу бааланып, биринчи орунга ээ болушту. Эми алар республикалык сынакка катыша алышат.

ОБЛУСТУК ЭТАБЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ошондой эле музыкалык аспаптарда ойноодо Мариям Апсатарова, хореографиядан Айгерим Жумабаева өз өнөрлөрүн татыктуу көргөзүшүп, байгелүү экинчи орунду алышты. Мындан сырткары, хореография боюнча Айлин Жорунбекованын аракети да текке кетпей, 3-орунга татыктуу болду. Ал эми жаш таланттар Жанетта Исакулова (вокал) жана  Нурайым Ибраимовалар (хореография) ыраазычылык кат алышты.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер