ОШТО ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 17.12.2019
  • 0

Ошто залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган футбол мелдеши өттү.

ОШТО ФУТБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Оюн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин демилгеси менен уюштурулуп, жогорку окуу жайлардын студенттеринен түзүлгөн командалар, окуу жай жетекчиликтери катышып, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтө алышты. Достукту чыңдоого багытталган мелдеште жалпы алты команда беттешип, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик юридикалык институту, 2-орунду Облустук администрация, 1-орунду Ош гуманитардык-педагогикалык институту багындырды. Оюндун жыйынтыгында, иш-чаранын демилгечиси У.Жылкыбаев катышуучуларга ыраазычылык билдирүү менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Баш байгени багындырган ОГПИнин командасына кубок, диплом жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Эскерте кетсек, бул оюн мындан ары да улантыла турган болуп, эстафета ОГПИге өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер