НУРЖАМАЛ ИБРАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 29.11.2019
  • 0

КР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, КР эмгек сиңирген мугалими, бир канча китептердин автору Нуржамал Ибраеванын 80 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүнүн мазмунун модернизациялоодогу ишмердик мамиле» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 29-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болуп өттү.

НУРЖАМАЛ ИБРАЕВАНЫН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чарада Нуржамал Ибраеванын кесиптештери жана замандаштары анын бейнесине арналган макалаларын окушуп, пикирлерин айтышты. Исманова Жыргал Нуржамал эжейдин айкөлдүгүн, башкалардан өзгөчөлүгүн баса белгилесе, Роза Айтматова учурда Нуржамалдай адамдар керек болуп жаткандыгын, ага окшогон активисттер коомго жакшы таасир тийгизерин айтып, анын бир катар сапаттарына токтолду.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө билим берүүнү модернизациялоо негиздери, компетенттүү педагогикалык кадрларды даярдоо, билим берүүдөгү жаңы технологиялар, баланы өнүктүрүү жана тарбиялоо маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер