НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУ АБУ-ДАБИДЕ КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

  • 07.02.2024
  • 0

 

НУРСУЛТАН КУШТАРБЕК УУЛУ АБУ-ДАБИДЕ КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ2-4-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Жиу-житсу боюнча AJP TOUR UAE NATIONAL JIU_JITSU CHAMPIONSHIP эл аралык турнири курч атаандаштык менен өттү. Мында Кыргызстандын намысын 69 килограмм салмак чен бирдигинде коргогон «Аlay Team» клубунун өкүлү Нурсултан Куштарбек уулу коло байгелүү болуп келди. Ал чейрек финалда Бириккен Араб Эмиратынын балбанына  беттештин акыркы секундасында 1 упайга утулуп, коло байге үчүн таймашууга укук алды. Коло медаль үчүн күч сынашууда   Бириккен Араб Эмиратынын дагы бир балбанын муунтуу ыкмасы менен утуп, үчүнчү орунду ээледи.

Нурсултандын мындай ийгиликтерди  жаратып,  мелдештерге катышканына Кыргызстандын Жиу Житсу федерациясынын президенти Сабыржан уулу Самарбек агайы түрткү берип, ар дайым колдоо көрсөтүп келатат.

Нурсултан учурда Бишкек шаарындагы “Алай Жиу-Житсу Академиясынын” залында өзү машыктыруучу болуп, жаштарга бул спорттун ыкмаларын үйрөтүп жатат. Анткени жарым жылдан бери агайы Самарбек Сабыржан уулу Америкада болуп калды. Агайынын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына барып, Лос-Анжелес шаарындагы дүйнөлүк Жиу-Житсу борборунда  машыгуу жыйындарына катышып, чеберчилигин жогорулатып турат.

Нурсултанга көбүнчө Самарбек агайы дем-күч, кеп-кенеш берет. Агайы “сен алгач ыймандуу, анан акылдуу жигит болушуң керек. Андан кийин гана чемпион болобуз” деп көп айтат.

Грэпплинг жана Жиу-Житсуга келишинине Самарбек агайы себепкер болгон. Ал айылга күрөш боюнча мелдештерди уюштуруп барып турчу. Аны көрүп күрөшкө болгон Нурсултандын кызыгуусу арта баштаган. Агайын артынан ээрчип жүрүп, бул спортко  аралашып калды.

-Башка спорттун түрүнө салыштырмалуу бул жакта ар кандай ыкмалар менен күрөшсөң болот, мага ошонусу жаккан. Агайымдын колдоосу менен Америка Кошмо Штаттарына бир нече ирет барып, Лос-Анджелес шаарындагы Дүйнөлүк Жиу-Житсу борборунда машыгып турам. Машыгуу учурунда бирөө сага жок дегенде бир жаңы нерсе үйрөтүп турбаса өсүү аябай кыйын болот. Ал эми мен акыркы убакта өзүмө өзүм машыктыруучу болдум. Анткени жарым жылдан бери агайым Самарбек Сабыржан уулу Америкада болуп калды. Өз алдынча машыккандыгым үчүн даярдыгыма ичим чыкпай, канааттанбай калдым. Бирок ошентсе дагы агайым телефон аркылуу чалып көзөмөлдөп турду. Устатыма ыраазычылыгымды билдирем.Бул спортту эч качан таштабайм. Бул тармакта чоң максаттарым бар,-дейт Нурсултан Куштарбек уулу.

– Мен 2004-жылы 29-майында Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылында төрөлүп, ошол жакта өскөм. Балалыгым ошол жакта өттү. Улуу байкелерим күрөшчү, аларды көрүп чоңойдум. Ошондо эле күрөшкө аябай кызыгып калгам. Кесипкөй болбосо да күрөшүп турчумун. Андан тышкары, футболго бир аз кызыгам,-деп балалыгын эскерди Нурсултан .

Учурда Жиу-Житсу жана Грэпплингти Кыргызстанда өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр болгону менен спортчулар каражат жагынан көйгөйлөрү бар. Канчалык жакшы даярдык көрсө, чет мамлекеттердеги мелдештерге катышуусуна демөөрчүлөр болуп турса, ошончолук жыйынтык бермек. Бул спорт түрлөрүнө кызыккан жаштар арбын. Ошондуктан келечеги бар спорт түрлөрү десек болот.

 Нурсултан Куштарбек уулунун жараткан ийгиликтери:

2019-жылы Москва шаарында өткөн жаштар арасындагы Бразилия Жиу-Житсу боюнча дүйнө чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

2019-жылы Кыргызстанда өткөн Жиу-Житсунун Комбат күрөш түрүнөн Азия чемпиону аталып, алтын байгенин уткан.

2020-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону болгон.

 2021-жылы Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында  эки алтын медаль уткан. Баса белгилей кетсек, Кыргызстандын тарыхында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпионатында 2 алтын байге уткан бир дагы кыргызстандык спортчу болгон эмес. Ал  Дүйнө Чемпионатынын биринчи күнү NO-GI жана экинчи күнү GI версиясында биринчи орунду ээлеген. Эки түрдүн айырмасы: GI бул кимоно менен, NO-GI кимоносу жок таймаш болуп саналат.

2022-жылы Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн Грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында жаштар арасында коло байгенин ээси болгон.

2022-жылы АКШда өткөн (SJJIF) уюмунун дүйнө чемпионатынан кызгылт көк кур чеберлер арасында күмүш байге уткан.

2022-жылдын аягында ACBJJ уюмунун Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күрөң кур чеберлер арасында күмүш байге утуп алган.

2023-жылы грэпплинг боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону аталып, 2 алтын медаль тагынган.

2023-жылдын 8-июлунда Испания өлкөсүнүн Барселона шаарында SPAINBJJTOUR уюму өткөргөн Бразилия Жиу-Житсу боюнча Европа Кубогунун дүйнөлүк рейтинг аныктоо мелдешинде  испаниялык  Перес Креспо Гарсияны 7:1 эсебинде жеңип, «Dry Factor» мелдешинин бел курун утуп жана ошого кошумча жиу-житсунун кимоносун татыктуу болгон.

2023-жылы АКШнын Чикаго шаарында CHICAGO OPEN GI&NOGI-2023 эл аралык турниринин баш байгесин утуп, алтын медаль тагынган.

2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына жиу-житсу боюнча катышып, 10 мыкты балбандын катарына кирген.

Нурсултандын алдыда далай таймаштары жана бийик максаттары турат. Ага ийгиликтерди, жеңиштерди каалайбыз!

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер