НУРЛАНБЕК ШАКИЕВДИН ИШ САПАРЫ ТОКТОГУЛ РАЙОНУНАН БАШТАЛДЫ

  • 29.03.2023
  • 0

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВДИН ИШ САПАРЫ ТОКТОГУЛ  РАЙОНУНАН БАШТАЛДЫ

29-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары башталды.

ЖКнын коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнүн таркаткан маалыматына таянсак, алгач төрага Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Бала-Чычкан айылына барып, Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Белгилүү болгондой, аталган билим берүү мекемесинин имараты 1990-жылы курулуп, андан бери эч кандай капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен утурумдук актоо-сырдоо иштери гана жүргүзүлүп келет. Андыктан, жалпы 46 мугалим эмгектенип, 740тан ашык окуучу билим алган мектепти толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча, жылуулук системасын жаңыртуу негизги талап.

Ушул жана башка көйгөйлөрдү угуп, мугалимдер жамааты менен да жолугушкан төрага: “Окуучулар арасында өткөн республикалык жана эл аралык олимпиадаларда көпчүлүк учурда жеке мектептерден билим алган балдар алдыңкы орундарды багынтышат. Тилекке каршы, мамлекеттин карамагындагы мектептердин окуучулары андай таймаштарда ийгилик жарата албай жатканы тармакта көйгөй бар экенинен кабар берет. Андыктан Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик мектептердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга басым жасап, мугалимдер да чоң жоопкерчилик менен иш алып баруусу кажет”, – деди.

Ошондой эле окуучулар үчүн түзүлгөн шарт-жагдайга токтолгон Нурланбек Шакиев башталгыч класста окуган балдарга ысык тамак берүүдө анын сапатына жана санитардык- гигиеналык талаптарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар төрага Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектептен да кабар алды. Алсак, 1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлүнө оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, окуучулар менен да баарлашып, аларды терең билим алууга жана окуткан мугалимдерине сый-урмат кылууга үндөдү.

Андан соң мугалимдер жамааты жана жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууда өлкөдөгү жетишкендиктерге учкай токтолгон төрага акыркы эки жылда мамлекеттин бюджети үч эсеге өскөнүн, кийинки жылы ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллионго жетери күтүлүп жатканын кабарлады.

  • Бул эгемен тарыхыбыздагы эң маанилүү жетишкендик. Буйруса, экономикабыз өнүгүп, социалдык төлөмдөр, анын ичинен айлык маяна, пенсия жана жөлөк пулдардын көлөмү дагы жогорулатылат, – деди Нурланбек Шакиев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасын депутат Кундузбек Сулайманов, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев коштоп жүрөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер