НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫН ЖАЙЫЛТУУГА ЧАКЫРДЫ

  • 23.05.2023
  • 0

23-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кемин районундагы Шабдан айылында жайгашкан Билимкана-Шабдан мектебинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫН ЖАЙЫЛТУУГА ЧАКЫРДЫ

Глобалдык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү жаштардын жаңы муунун жаратуу максатын көздөгөн «Билимкана» фондунун алдында Кыргызстан боюнча 16 мектеп иш алып барат. Аларда 5500 жакын окуучу билим алып, 1200дөн ашуун мугалим эмгектенет. Анын ичинен Билимкана-Шабдан мектебинде 146 окуучу окуйт.

Жеке менчик билим берүү мекемеси англис тилин жана математиканы тереңдетип окутууга ылайыкташкандыктан, жергиликтүү эле эмес, башка айыл-шаарлардан келип жатып окугандар да арбын.

Түзүлгөн шарт-жагдайды жана окутуу процессин көрүп чыккан төрага жеке менчик мектептердеги тажрыйбаны мамлекеттик билим берүү мекемелеринде да пайдалануу маселесин көтөрдү.

“Анткени, калыптанган билим берүү тутумун жаңылоого жана заманбап окуу усулдарын колдонууга мезгил жетти. Биз кескин кадамдарга баруу менен гана келечекке керектүү, коомду алдыга сүрөй турган жаштарды тарбиялай алабыз”,– деди Нурланбек Шакиев.

НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДИН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫН ЖАЙЫЛТУУГА ЧАКЫРДЫ

Муну менен катар замапбап мектептин борбордон алыс айылда иштеп жаткандыгына жогору баасын берген төрага башка аймактарга да ушундай алдыңкы мектептерди ачуу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Айбек Маткеримов, Эмиль Токтошев, Жанарбек Акаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрдү.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер