НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

  • 01.03.2019
  • 0

Мугалим — коомдун кыймылдаткыч күчү экени баарыбызга маалым. Ал кесиптердин эң ардактуусу.  Биздин бул жолку каарманыбыз өз кесибин сүйгөн, ата кесибин уланткан, билим берүүнүн мыктысы,  педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун педагогика кафедрасынын доценти, Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин директору Кыялбек Акматов. Ал 15 жылдан бери мектепте да, университетте да эмгектенип келе жатат. К.Акматов 2005-жылы республикалык «Үлгүлүү мугалим — 2005» кароо-сынагында 1-орунду багындырган.

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Окуучу кезинде эле мугалимдикти эңсеген

Биздин каарманыбыз мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөндүктөн, кичинекей кезинен эле мугалимдик кесипти эңсеген, болгондо да англис тилчи мугалим болгусу келген.

—  Мугалимдик кесип – түйшүктүү, ошону менен бирге кадырлуу. Бул кесиптин тагдырыма жазылганына чексиз ыраазымын. Анткени бала тарбиялоо, бала окутуу канчалык таза мээнет экенин аңдап, окуучуңдун билбегенин билдирип, жөн гана алкышына арзысаң, бакыт эмей эмне?! Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлүп чоңойгондуктан, мектепте окуп жүргөндөн эле ушул кесипти максат кылчумун. Атам Акматов Камыт – кыргыз тили жана адабияты мугалими, №107 Кызыл-Гайрат (азыр Аман Жусунов) мектебинде 40 жылдан ашуун иштеп, быйыл пенсияга чыкты. Апам Акматова Калдаркан да башталгыч класстардын мугалими, учурда пенсияда. Карындаштарымдын бардыгы – мугалим-филологдор. Атам да өз учурунда мектеп дегенде ичкен ашын жерге койгон инсан болгон. Көп жыл мектепти жетектеп, кээ бир учурда мугалимдердин айлык маянасы түгөнүп калганда, үйдөгү малды сатып жиберип, мугалимдерди ар тараптуу колдоого алчу. Ушундай тарбияны көргөндөн кийин мугалим болгум келсе керек, — дейт Кыялбек Акматов.

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Мугалимдик кесип тынымсыз изденүүнү талап кылат эмеспи. Бул кесипке жаштайынан аралашкандыгы үчүн мугалимге жардамчы китептердин, усулдук колдонмолордун жетишсиз экендигин, бар болсо да заман талабына ылайык аз санда экендигин эске алып, тарбия жаатында, окутуу жаатында китептерди жазып, түзүп, чыгарып элге сунуштады. Мындай китептерди жазуу ишинде анын устаттары Абдыкерим Муратов, Каныбек Исаков жана башка кесиптештери, шакирттери көмөктөштү.

150дөн ашык илимий жана усулдук эмгектер, анын ичинде 2 монография, 4 окуу китеби (Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен), 60 илимий усулдук басылмалар, 100гө жакын илимий макалалары басылып чыкты. Кыргыз тили жана адабияты боюнча жаңы предметтик стандарттардын, окуу программаларынын авторлоштурунун катарында да эмгектенди.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 6-класстын кыргыз адабиятынын, 6-класстын адеп окуу китептеринин, окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 10-11-класстарынын кыргыз адабияты окуу китептерин авторлош катары жазган.

К.Акматовдун, айрыкча, орто мектепте тарбиялык иштерди уюштуруунун технологиялары, класс жетекчилик, социалдык педагогдун ишмердүүлүгү багытында 30дан ашуун китептери жарык көргөн. Республиканын мектептеринде пайдаланылып жаткан «Класс жетекчинин журналы» колдонмосуна Кыргыз патент тарабынан күбөлүк алынган. Жакында жарык көргөн 8 китептен турган «Тарбия» комплекси, «Окутуунун жаңы технологиялары», «Айтматовду мектепте окутуу» (1-2-китеп, авторлош), «Педагогика», «Социалдык педагогдун маалыматнаамасы», «Кыргыз этнопедагогикасы» (авторлош) китептери мектептердин жана жогорку окуу жайлардын, колледждердердин китепканаларынан орун алып, пайдаланылууда.

Учурда ал Абдыкерим Муратовдун жетекчилиги менен доктордук диссертацияны коргоого даярданып жатат.

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Ийгилик тынымсыз аракеттен жаралат

  • Ийгилик жөн жерден жаралбайт. Ага адам баласы тынымсыз аракет жасашы керек. Анын сыңары, кесибимди ушунчалык жакшы көргөндүктөнбү, жаштыгыма карабастан чоң иштерге кадам таштапмын. 2005-жылы республикалык “Үлгүлүү мугалим — 2005” кароо-сынагына катышып, 1-орунду багындырдым. Кароо-сынактын талабы боюнча Бишкек шаарындагы бир мектептин 6-классына “Эскирген сөздөр” деген темада ачык сабак өткөнмүн. Жаш экенмин, коркушту же сүрдөштү деле билбептирмин. Ошол сынактан белекке алып келген түстүү телевизор азыр да бар, айылда ата-энем маңдайына коюп, баламдын алгачкы сыйлыгы деп сактап отурушат. Алгачкы жазган эмгегим да 5-класстар үчүн “Адеп сабагы” деген окуу китеби болгон. Мына ошол кароо-сынактан кийин жылдызым жанды десем болот. Жаш мугалим катары таанылдым, — дейт окумуштуу-педагог.
  • НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Кыялбектин мугалимдик, жетекчилик касиетин байкаган ОшМУнун ректору, мыкты адам Каныбек Исаков ага “Билим” лицейин түптөп, кыргыз лицейинин моделин түзүүнү сунуштаган.  Ошентип ал 2013-2015-жылдары мектептин директору болуп иштеп калды. Бул жылдардагы топтогон тажрыйбасы кийинки жетекчилик кызматына да пайдасы тийди.

“Жетиген” – электрондук мектеп

2016-жылдын май айынын тартып Ош шаарындагы Казакстандын Президенти Н.Назарбаевдин каржылоосу менен салынган мектепке директор болуп дайындалды. Бул мектепке баруунун максаты —  өз дараметин, билимин, уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүү эле. Мектепте 45 мугалим, 750дөн ашуун окуучу бар.

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Башка мектептерден айырмачылыгы — көп тилдүү билим берүү программасы жана узартылган күн тайпаларынын иштегендиги менен өзгөчөлөнүп турат. Математика, табият таануу, биология предметтери – орус тилинде, технология, дене тарбия, химия, информатика сабактары англис тилинде өтүлөт. Окуучулар эртеден  кечке мектепте болуп, ар кандай ийримдерге катышат, үй тапшырмасын аткарышат. Бир маал түшкү тамак берилет. Ийримдерден таэквандо, бий, комуз ийримдери, “Умтул” театры иштейт.

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата “Жетиген” мектеп-лицейи да санариптештирүүнүн алгачкы саамалактарын баштап, “Коопсуз мектеп” долбоорун ишке ашырып жатат.  Мектеп төмөндөгүдөй санариптештирүү кадамдарын жасаган: ар бир каанага интреактивдүү такта, проектор орнотулган; мугалимдер сабак учурунда онлайн материалдарды пайдалануусу үчүн интернет (вайфай) менен туташтырылган; ар бир мугалим ноутбук менен камсыз болгон; ар бир каанага видеокамера, үн күчөткүч (колонка), микрофон орнотулган. Ар бир сабак, мугалимдин, окуучунун кыймылы менен үндөрү жазылып турат. Булардын баарын бириктирген система окуу бөлүмүнүн башчысынын каанасына жайгаштырылган. Мугалимдердин ачык сабактары жазылып, атайын мектептин фондунда сакталат. Мындан сырткары балдарынын сабакка катышуусун байкоо үчүн келген ата-энелер да, сабакка тоскоол болбой, баласын да ыңгайсыз кылбай каанада отуруп, карап отурганга чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ар бир сабактан кийин кыргыз күүлөрү жаңырып “Урматтуу мугалимдер, сабак башталды”, “Урматтуу окуучулар, сабагыңар көңүлдүү болсун” деген үндөр коштолуп турат.

Креативдүү директор Кыялбек Акматов буга чейин эле окуучулардын келүү жана кетүү учурларын каттоого алып, электрондук форматка өткөргөн.

НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

  • Ар бир окуучунун атайын штрих коду бар. Балдар каттоодон өтөөрү менен келген, келбегендердин жыйынтыгы чыгат. Келбеген окуучуларды дароо принтерден кагазга чыгарып алып, класс жетекчилерге беребиз. Ата-энелер менен кабарлашып эмнеге келбегендигин дароо такташат. Мындан тышкары электрондук журнал, электрондук күндөлүк да ушул система менен бирге иштейт. Мугалимдер, ата-энелер bal.kg тиркемесин жүктөп алышкан. Сабак учурунда окуучунун жетишкендигин дароо баалап турат, ал тиркеме аркылуу ата-энеге ошол учурда эле көрүнөт. Бул тиркеме аркылуу ата-энелер балдарынын мектепке канчада киргендигин, канчада чыккандыгын, кайсы предметтерден канча баа алгандыгын, комментарийлер менен үйдө отуруп эле көрүп турушат.  Ар бир чейрек сайын бардык предметтерден окуучулар атайын программанын негизинде компьютерден билимдерин текшергенден кийин мониторинги чыгарылып турат, – дейт директор.
  • НУКУРА МУГАЛИМДЕРДИН ПЕДАГОГ-ОКУМУШТУУ УУЛУ

Дагы бир жакшы жаңылык, “Жетиген” мектеби BIOM фондунун «Коопсуз мектеп» долбооруна катышып, каражат утуп алышкан. Ага  таза суу үчүн фильтри менен кошо кичинекей беш оргума (фонтанчик) орнотулду;  жарандык коргонуу, жер титирөө, жолдо жүрүүнүн эрежелери, тамак-аш коопсуздугу, жашылдандыруу боюнча көрмө плакаттар илинди; 16 даана байкоо камералары орнотулду жана балдар үчүн «Арт доска» коюлду. Айрыкча, ушул такта танапис учурунда балдарга жакшы аянтча болгону жамаатты кубандырууда.

Быйылкы жылы Кыялбек райондорду кыдырып, билим берүүнүн сапатын көтөрүү боюнча тренинг-семинарларды өтүп жатат. Мындай семинарларды өтүү менен айыл жерлеринде мугалимдердин билимге канчалык суусагандыгын байкаган Кыялбек өз тажрыйбасын ортого салып, билим берүүнүн сырларын, ык-усулдарын үйрөтүүнү колго алды.

Ошентип жөнөкөй гана мугалимдин жөнөкөй эле уулу элге билим берип, муундун билимдүү болушуна ак эткенде, так этип келатат.  Ал  көп убакытын жаңы китеп жаратуунун, тажрыйба арттыруунун үстүндө тынымсыз иштейт.

Кыялбек Акматов үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.

Маалымат үчүн:

Кыялбек Акматов 1983-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Садырбай айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кара-Суу районундагы №107 «Кызыл-Гайрат» (азыркы А.Жунусов атындагы) орто мектебин бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, 2005-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун 2001-жылы студент мезгилинде эле Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынан баштаган. 2005-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы кафедрасында окутуучу, 2007-жылы педагогика кафедрасында ага окутуучу, 2012-жылдан баштап доценттик кызматта эмгектенип келе жатат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Материал КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Европа Биримдигинин “Мугалим-Кесиби” сынагынын алкагында жазылды

Бөлүшүү

Комментарийлер