НОВО-ПОКРОВКАДАГЫ №3 ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ ОКУУ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ

  • 08.09.2022
  • 0

Ново-Покровкадагы  №3 түзөтүү мекемесинде  жабдылышына Бишкектин элиталык мектептери да көз артчу класс ачылды.  Бул саамалык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жемиштүү кызматташуусунун аркасында жетишилди. НОВО-ПОКРОВКАДАГЫ №3 ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ ОКУУ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ

Салтанаттуу аземге ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев, № 2 орто мектеп-лицейинин директору Динара Тургуналиева катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Ошондой эле мындагы жагымдуу  иш-чарага ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын, ЖАКнын башкы штабынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн өкүлдөрү, атайын мекемелердин жетекчилери катышты.

Коррекциялык орто мектептердин ишин токтотконуна үч он жыл болду.  2021-жылы мекемелерде башталгыч билими жок 450 адам болгон.  Көп жылдар бою бул ЖАК үчүн көйгөй болуп келген.НОВО-ПОКРОВКАДАГЫ №3 ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ ОКУУ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ

Ал эми КР Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 23-беренесине ылайык, атайын мекемелердин администрациясы соттолгондорго жалпы жана кесиптик билимди акысыз алуу үчүн шарттарды түзүшү керек.

Ошондуктан, 2022-жылдын январь айында ЖАКнын жетекчилиги республиканын түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдарга билим берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.

— Алгачкы этапта Ново-Покровка айылындагы №3 мекеменин базасында (катуу режимде)   30 жашка чейинки 12 соттолгондорду башталгыч сабаттуулукка үйрөтүү пландалууда. Ошондой эле Молдовановкадагы №27 мекемеде да ушундай тездетилген программа менен окута башташат.

Мына ушул жерде ЕККУнун кеңсеси бизге чоң колдоо көрсөттү.  Алардын жардамы менен окуу кабинеттери даярдалып, заманбап эмеректер, инвентарлар жана окуу процессин уюштуруу үчүн акыркы үлгүдөгү компьютердик техникалар менен жабдылды, — дейт №1 кесиптик лицейдин директору, отставкадагы полковник Тургунбек Токтосунов.НОВО-ПОКРОВКАДАГЫ №3 ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ ОКУУ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ

КР Билим берүү жана илим министрлиги да өзүнүн оң позициясын билдирди.  Ал эми жергиликтүү бийлик соттолгондор менен иштөө үчүн штаттык мугалимдерди бөлүп берген.

Өз кезегинде түзөтүү мекемелери жабдылган жайларды берип, окуучулардын сабакка катышуусун жана мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылмакчы.

 

 

Атайын кабарчы

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер