НОВИКОВ ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН МЕКТЕПКЕ БАРЫП, БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

  • 07.12.2020
  • 0

Премьер-министрдин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусундагы иш сапарында Баткен районундагы Чоң-Талаа айылында бүгүн, 7-декабрда өрттөнүп кеткен мектепти карап чыкты.

НОВИКОВ ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН МЕКТЕПКЕ БАРЫП, БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

Жергиликтүү бийлик органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте мектептин имаратын оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

«Мектептин имаратын калыбына келтирүү иштерин тездетүү керек. Тиешелүү финансы булактары бөлүнүп берилет», — деди Артем Новиков.

НОВИКОВ ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН МЕКТЕПКЕ БАРЫП, БИР КАТАР ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

Мектеп 1980-жылы курулган. Билим берүү мекемеси 180 орунга ылайыкталып, 300дөн ашык окуучу билим алып келген.

Бүгүн эртең менен өрт чыккан учурда мектепте балдар болгон эмес, жаракат алгандар жок.

Бөлүшүү

Комментарийлер