Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду

  • 05.09.2023
  • 0

Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду

Ноокенде айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-августтан 26-августка караган түнү саат 00:30 чамаларында болгон. Анда Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы тургуну почтанын жанында топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик куралынан бир ирет ок чыгарган. Ок 15 жаштагы өспүрүмдүн баш тарабына тийиген. Өспүрүм алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факты боюнча  «Адам өлтүрүү»  беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары аталган айылдын 42 жаштагы кармалган. Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милициядан учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер