НООКЕНДЕ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ

  • 05.09.2018
  • 0

31-август күнү  Ноокен  районунун  борбордук  аянтында  2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын  иш-чараларынын   алкагында  Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган майрамдык  азем  өткөрүлдү. 

НООКЕНДЕ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Ноокен райондук маданият үйү тарабынан кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата  сүрөттөр, китептер жана кол  өнөрчүлүктөрүнүн  көргөзмөсү  уюштурулду.

Спорттук оюндар, бий, ырлар, көрүнүштөр  майрамдык  шаң  менен  өттү.  Ошондой эле маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа жана Ч. Айтматовдун чыгармаларынан театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.

НООКЕНДЕ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ

Аземге Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери  С. Сатыбалдиев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким            Э. Маматаев, аппарат кызматкерлери жана райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, райондун тургундары катышты.

НООКЕНДЕ АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ

Райондун алдыңкы кызматкерлери өкүлдүн, акимдин жана коомдук фонддун ардак грамота, дипломдору менен сыйланышты.

Т. Бакиров,  Ноокен  райондук КБКнын  тескөөчүсү  

Бөлүшүү

Комментарийлер