НООКАТТЫКТАР САБАКТЫ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТЫШКАН ЖОК

  • 20.04.2020
  • 0

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун “Техникалык чыгармачылык”, “Улуттук маданият жана тил”, “Көркөм кол өнөрчүлүк” жана “Экология, край таануу жана туризм” багытында жалпы 38 ийрим жетекчилери учурдун талабына ылайык мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, пландаштырылган сабактарды максаттуу түрдө ишке ашыруу менен аралыктан окутууну колго алышты. Ар бир ийрим жетекчи тарабынан WhatsApp аркылуу группалар түзүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилүүдө жана алар менен теориялык, практикалык иштер жүргүзүлүүдө. Окуучуларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн аралыктагы сабактар аркылуу кайтарым байланыш болуп жатат.

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Э.А.Эргешовдун берген маалыматына таянсак, “Техникалык чыгармачылык” багытындагы ийрим окуучуларына быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында жыл сайын салтка айланган “Биз ХХI кылымдын интеллектуалдарыбыз” кароо-сынагы онлайн түрдө райондук туру өткөрүлдү.

— Ага жалпысынан райондун аймактык турунан 176 окуучу катышкан болсо, алардын ичинен калыстардын чечими менен 19 окуучу райондук турга тандалып алынып, 5 окуучу бүгүнкү күндө онлайн аркылуу облустук турга катышып жатышат. Облустук турга онлайн аркылуу катышкан окуучулар жана алардын жаратман экспонаттары: Алымов Бекзат — инвенсиондук стол, Нарматов Эрланбек — акылдуу розетка, Гапыржанов Мухаммед — моторлуу велосипед, Калыев Баяман — жер титирөөнү эскертүүчү аппарат жана Темирбаев Мирсал — кар көчкүдөн коргонуу модели. “Экология, край таануу жана туризм” багытындагы ийрим окуучулары Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган “Биз эскеребиз” аттуу видеороликтердин сынагынын жобосуна ылайык, жекече үйлөрүндө онлайн видеороликтердин сынагын жүргүзүүдө. Алсак, тапшырмага ылайык Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары, тылдагы иштеген эмгек ардагерлеринин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү иштерди кызыгуу менен кабыл алып аткарып жатышат, — дейт борбордун директору.

Улуттук маданият жана тил” багытындагы ийрим окуучулары өздөрүнүн поэзияга болгон, көркөм окууга болгон сынактарын өз алдынча аткарып, Жеңиштин 75 жылдыгына карата патриоттук ырлардан, мекен ырларынан, адабий көркөм чыгармалардан аткарып, мугалимдерге видеороликтерди жөнөтүп жатышат.

— Ноокат райБЧБ тарабынан Жеңиштин 75 жылдыгына патриоттук ырлар жана согуш темасындагы ырлардын сынагы жарыяланып, бардык окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп жатышат. “Көркөм кол өнөрчүлүк” багытындагы ийрим окуучулары группа аркылуу бири-бири менен аралыкта байланышып, тажрыйба алмашуулар болуп жатат. “Алтын түйүн” БРИТ Академиясынын Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгы боюнча мыкты билим берүү программасы” республикалык конкурсуна Ноокат райБЧБнын “Компьтер жана мен” ийриминин жетекчиси Калбаев Адрашиттин эмгеги электрондук вариантта жөнөтүлдү, — дейт Э.Эргешов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер