НООКАТТЫКТАР «КРЕАТИВДҮҮ ТОП» НОМИНАЦИЯСЫНА ТАТЫКТУУ БОЛУШТУ
- 20.05.2020
- 0
“Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына жана “Манас жаштары” уюмунун түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгына карата Ноокат районунун Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин “Манас жаштары” уюмунун лидерлери райондо жеңүүчү болуп, облустук «Кырк чоро – 2020» кароо-сынагына катышып, 2-орунга чыгып, жылдын эң мыкты “Креативдүү топ” номинациясына ээ болду.
Ноокат райондук “Манас жаштары” уюмунун райондук Кеңешинин төрагасы Э.Эргешовдун маалыматына караганда, Ош облусунун мектептериндеги өзүн-өзү башкаруу тутумдарынын иштерин учур талабына ылайык өркүндөтүү, ишмердүүлүгүн күчөтүү жана “Манас жаштары” уюмунунун кадыр-баркын көтөрүү максатында онлайн аркылуу өткөрүлгөн “Кырк чоро — 2020” кароо-сынагынын райондук турунда Ноокат районунун Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин “Манас жаштары” уюмунун лидерлери жеңүүчү болуп облустук кароо-сынакка катышты.
— Мектепте бүгүнкү күндө өткөрүлгөн ар кандай маданий-массалык иш-чараларда окуучулардын активдүүлүгү, “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” кароо-сынагындагы окуучулардын жыл сайын алдыңкы орундарды камсыз кылып келүүдөгү жетишкендиктери, ошондой эле класстан тышкаркы иштердин таасирдүүлүктөрү, райондук, облустук, республикалык иш-чаралардагы көрсөткүчтөрүнүн негизинде сынактын облустук турунда 2-орунду камсыз кылып, жылдын эң мыкты “Креативдүү топ” номинациясына ээ болушту, — дейт Э.Эргешов.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер