МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮСҮНӨ АРНАЛГАН СЕМИНАР

  • 20.12.2021
  • 0

Ноокат районунда “Менин мекеним — Кыргызстан” аттуу облустук семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн Шакир Ташполотов билдирди.

Анын маалыматына караганда, облустук семинар Ноокат районундагы К. Бобулов атындагы Баргы, Ноокат райондук көркөм сүрөт мектебинде, Н. Крупская атындагы орто мектебинде, Ноокат билимканасы жатак-лицейинде, М. Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак-гимназиясында болуп, ал  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган “Инсандын  руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З. Жамалдиновдун буйругунун негизинде уюштурулуп, ал Ноокат районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучуларга инсандык–руханий билимин өнүктүрүү, Ата мекенге болгон патриоттук тарбия жана кыргыз элинин улуттук маданиятын билим берүүнүн азыркы усулдары менен интеграциялоонун натыйжаларын облус аймагында жайылтуу максатында уюштурулду.

Семинарга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныкулов Данияр баштаган Ош облусундагы райондук администрациялардын башчыларынын орун басарлары, Ош облустук билим берүү институтунун директору Г. Мамаева баштаган  облустагы райондордун билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук балдардын чыгармачыл борборлорунун башчылары катышты.

Семинардын жүрүшүндө К. Бобулов атындагы Баргы орто мектебинде мектеп окуучуларынын   руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө билим берүүнүн жана көркөм чыгармачылыктын таасири, Ноокат райондук көркөм-сүрөт мектеп интернатында мекенчилдикке, Ата мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында жаратылган сүрөттөрдүн, живопистердин жана скульптуралардын көргөзмөсү, Н. Крупская атындагы орто мектебинде Келечекте өнүккөн Кыргыз Республикасын курууда технологиялык коммуникациялар аркылуу жана   адеп-ахлактык , спорттук-аскердик  тарбия берүүнүн ролу, Электрондук күндөлүк, Бал.kg, медиа борборду уюштуруудагы жана немец, япон тилдерин үйрөтүүдөгү эмгек жамаатынын  өзгөчөлөнгөн  ишмердүүлүктөрү  боюнча атайын иш-чаралар көргөзүлдү.

Мектептердин баарында семинар концерттик программалар, адабий көркөм чыгармалардан инцинировкалар, аскердик жүрүштөр, ийримдердин көргөзмөлөрү жана ачык сабактар менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер