НООКАТТА ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 22.03.2022
  • 0

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл аймагында жайгашкан мектептердин 5-6-7-8-класстарынын окуучуларынын арасында уюштурулган олимпиаданын финалдык баскычы болуп өттү.

НООКАТТА ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Олимпиаданын бул түрү БАЖСКО (бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи класстардын олимпиадасы) деп аталып, ага беш мектептен жалпы 191 окуучу, аларды даярдап келген мугалимдери, “Шаңкол деми” деп аталган уюштуруу тобунан, айыл өкмөтүнүн башчысы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

 

БАЖСКО окуучуларды билимге умтулууга үндөгөн чакырык, шык берүү менен башталып, алдыңкы орунду ээлеген окуучулар жана аларды даярдап келген мугалимдерин сыйлоо аземи менен салтанаттуу аяктады. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаруу окуучулардын көзүнчө Зипгрейд (Zip Grade) программасы менен заматта уюштурулуп, алардын эмгегин татыктуу баалоо камсыздалды.

 

“Шаңкол деми” демилгечилер тобунун мүчөсү Жунус Каримовдун айтуусунда, бул олимпиаданы ортоңку класстардын окуучулары үчүн уюштуруудагы негизги максат жогорку класстарда болуучу республикалык олимпиадаларга эрте жаштан даярдык көрүү болгон. Муну менен катар окуучулардын тест менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, олимпиадалык резервге окуучуларды тандоо, мектептер аралык достукту чыңдоо сыяктуу башка дагы максаттар бар.

 

Жйынтыгында “Шаңкол” орто мектебинен — 17, “Арбын” орто мектебинен — 8, Ж. Нышанов атындагы орто мектебинен — 7, “Дары-Суу” орто мектебинен — 7 жана “Ак-Чабуу” орто мектебинен — 2 окуучу биринчиликти багындырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер