НООКАТТА ОКУУЧУЛАРДЫ ТУУРА КЕСИП ТАНДООГО ҮНДӨГӨН СЕМИНАР БОЛДУ

  • 21.02.2022
  • 0

18-февралда Ноокат районундагы Ж. Нышанов атындагы орто мектебинин базасында 11-класстын окуучуларына туура багыт берүү, аны менен кошо эле кесип тандоодогу көйгөйлөр туурасында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн оюн билүүнү колго алып, аларга “Кесип тандоо эмне үчүн маанилүү?” аттуу семинар болуп өттү.

Аталган иш-чарага райондогу “Дары-Суу”, “Шаңкол”, “Арбын” жана Ж. Нышанов атындагы орто мектебинин окуучулары, алардын класс жетекчилери катышышты. Семинардын жүрүшүндө окуучулар “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун мүчөсү, тренер Жунус Каримовдун бир топ кеңештерин угуп, кызыктырган суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты.

“Биздин коомдо баланы кесипке багыт берүү кичине кезинен эле башталса натыйжалуу болмок. Баланын шыгы, жөндөмү, кызыгуусу жана мүмкүнчүлүгүн эске алынышы керек. Кесипти туура тандаган мектеп бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим алышса, өлкөбүз да кесипкөй адистерге бай болмок. Бул семинарда окуучуларга мына ушул жагдайларды айтуу менен, алардын азыркы заман шартында эмнелерди эске алуу керек экендигин айтып өттүк. Буйруса алдыда аларды атайын орто жана жогорку окуу жайлар менен тааныштыруу иш-чарабыз турат”, — деди Ж. Каримов.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер