НООКАТТА МЕДИА БУРЧТАРДЫ УЮШТУРУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 06.12.2021
  • 0

Ноокат районунун мугалимдери үчүн «Мектептик медиа бурчтарды уюштуруунун заманбап усулдары» аттуу семинар өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.

Маалыматка караганда,  семинар Ноокат райондук билим берүү бөлүмүндө болуп, ага 70 ден ашуун мектептин медиа топторунун өкүлдөрү катышты.

Семинардын жүрүшүндө Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары, «МедиаСабак» долбоорунун түштүк региону боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов мектептерде Медиа эмне үчүн керек,  мектептердин медиа баракчасынын мектеп, ата-эне, коомчулук үчүн пайдасы, медиа баракчаны иштетүү үчүн алгачкы кадамдар,  дүйнөлүк медиа менен биздин медианын окшоштугу, айырмасы, медиа баракчаны өнүктүрүүдөгү мугалимдин аракетинин негизги багыттары боюнча баяндама жасап, ал практикалык тажрыйбалар менен коштолду.

Учурда район боюнча 30дан ашуун мектептин медиа бурчу уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер