НООКАТТА 4-КЛАССТАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 15.02.2022
  • 0

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер арасында төртүнчү класстардын олимпиадасы уюштурулуп, анын II (финалдык) баскычы 12-февраль күнү өттү. Бул тууралуу аталган олимпиаданын уюштуруучусу катары иш алып барган “Шаңкол деми” демилгечилер тобунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын I (мектептик) баскычы буга чейин айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан Дары-Суу, Шаңкол, Арбын, Ж. Нышанов, Ак-Чабуу орто мектептеринде жана Ак-Терек башталгыч мектебинде башталгыч класстарында билим алган окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, алардын билим жаатындагы атаандаштыгын күчөтүү максатында уюштурулган. Мектептик баскычта кыргыз тили, адабий окуу, математика жана мекен таануу багыты боюнча тестте алдыңкы орунду ээлеген окуучулар финалдык баскычта да ушул багыттар боюнча күч сынашып, жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:

1-орун: Мамажакыпова Атыр – Ж. Нышанов мектебинин окуучусу;

2-орун: Касымбаева Раяна – Дары-Суу орто мектебинин окуучусу;

3-орун: Акназарова Айбийке – Шаңкол орто мектебинин окуучусу;

4-орун: Равшанбекова Тахмина – Арбын орто мектебинин окуучусу;

4-орун: Абдыкадырова Нурайым – Ак-Чабуу орто мектебинин окуучусу;

5-орун: Шамшиева Акмарал – Шаңкол орто мектебинин окуучусу;

5-орун: Жолошалиев Калыйнур – Арбын орто мектебинин окуучусу.

Алты мектептен 38 окуучу катышкан бул олимпиадада окуучуларынын жалпы орточо көрсөткүчү боюнча мектептер төмөнкүдөй:

Арбын орто мектеби – 44,5 упай;

Ж. Нышанов орто мектеби – 40,85 упай;

Шаңкол орто мектеби – 40,66 упай;

Ак-Чабуу орто мектеби – 39,3 упай;

Дары-Суу орто мектеби – 37,4 упай;

Ак-Терек орто мектеби – 31 упай.

Жыйынтыгында Арбын орто мектебинин базасында уюштурулган олимпиаданын финалдык баскычына катышкан 31 окуучуга Кеңеш айыл өкмөтү тарабынан грамота, алдыңкы орунду ээлеген жети окуучуга диплом, аларды даярдаган мугалимдерине болсо ыраазылык баракчалары тапшырылган. Ал эми “Шаңкол деми” демилгечилер тарабынан 31 окуучуга китеп, жети окуучуга атайын энциклопедия, аларды даярдаган мугалимдерге китептердин топтомдору белек катары берилди деп кошумчалады аталган топтун мүчөсү Тынчтыкбек Досмуратов.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер