НООКАТ РАЙОНУНУН КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛЫНДАГЫ Э. АБДЫРАИМОВ АТЫНДАГЫ №54 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 25.03.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылына төмөндөгү адистиктер боюнча окуучуларды кабыл алууну жарыялайт

9-класс билими менен

  1. Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (Фермер).

8331 — «А.В.Г» категориясындагы тракторист-машинист.

6111 — өсүмдүк өстүрүүчү.

8322 — “С” категориясындагы автоунаа айдоочу. Окуу мөөнөтү – 3 жыл.

  1. Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты (Фермер).

6121 — 5 разряддагы жаныбарларды кароо боюнча оператор.

8331 — «А.В.Г» категориясындагы тракторист-машинист. Окуу мөөнөтү – 3 жыл.

8322 — “С” категориясындагы автоунаа айдоочу.

  1. 8263 7443 Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү. Окуу мөөнөтү – 3 жыл.
  2. Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүү иштери) “С” категориясындагы автомобиль айдоочу.

7212 — 3-4 разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү.

8322 — “С” категориясындагы автомобиль айдоочу.

Жалпы орто билимдин негизинде

Окуу жайга кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  1. Директордун наамына жазылган арыз;
  2. Билими жөнүндө күбөлүк же аттестат (түп нускасы);
  3. №086/У медициналык аныктама;
  4. 3х4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт;
  5. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн же паспортун окуу жайга өзү алып келип көрсөтөт;
  6. Аскерге чакырылуучунун күбөлүгү, аскердик билетинен көчүрмө;
  7. Ишкананын жолдомосу (жумуш берүүчүлөр тарабынан жөнөтүлгөндөр үчүн).

9-классты “жакшы” жана “эң жакшы” бүтүрүп келген окуучулар кабыл алынат.

Диплом жана орто билими жөнүндөгү аттестат берилет.

Окууга кабыл алынгандар үч маал тамак-аш, алыстан келгендерге жатакана жана окуусуна карата (200-300) сом  өлчөмүндө стипендия берилет.

Окуу жайында: техникалык, өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча ийримдер жана спорттук секциялар иштейт.

Арыздар ж.б. документтер 2022-жылдын 1-июлунан 25-августуна чейин кабыл алынат.

Тел.: (0773) 41 18 83,

(0777) 33 97 20, (0778) 66 01 00.

Кабыл алуу комиссиясы
Дареги: Ноокат району, Кыргыз-Ата айыл округу, Көтөрмө айылы.

Бөлүшүү

Комментарийлер