НООКАТ РАЙОНУНУН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ — «МЫКТЫ РЕСТАВРАТОР»

  • 28.12.2021
  • 0
НООКАТ РАЙОНУНУН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ — «МЫКТЫ РЕСТАВРАТОР»

21-23-декабрда Россияда өткөн «Мыкты реставратор» конкурсунда Ноокат райондук көркөм-сүрөт мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү Гүлжигит уулу Бек 1-орунга ээ болду.

Гүлжигит уулу Бек I даражадагы диплом, алтын медаль жана атайын конкурстун логотиби камтылган статуетка менен сыйланды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси З.Мамасадыков билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер