Ноокат: билим берүү тармагы Эгемендүүлүк күнүнө карата көргөзмө тартуулады.
- 31.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Ноокат районунда билим берүү тармагынын жетишкендиктерин, чыгармачылыгын жана улуттук баалуулуктарды камтыган мазмундуу көргөзмө уюштурулду.
Көргөзмөгө райондогу мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелери, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары катышып, окуучулардын, тарбиялануучулардын жана мугалимдердин кол эмгектерин, чыгармачылык иштерин көпчүлүккө тартуулашты. 
Көргөзмө менен Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Нурлан Керимкулов баштаган райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери таанышты.
Көргөзмөдөн билим берүү мекемелеринин чыгармачылык изденүүсү менен катар окуучулардын жана тарбиялануучулардын колунан жаралган эмгектер, улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин жана тарыхый мурастарын даңазалаган баалуу буюмдар орун алды. 
Ар бир эмгек жаш муундун Мекенге болгон сүйүүсүн, улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын жана эгемен Кыргызстандын келечегине болгон ишенимин чагылдырып турду. 
Мындай иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, улуттук аң-сезимин калыптандырууда, тарыхын жана маданий мурастарын терең таанып-билүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле билим берүү менен чыгармачылыкты айкалыштырып, окуучулардын талантын ачууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
А.К., «КБ»
Комментарийлер