Нобел сыйлыгына татыган алгачкы түштүк кореялык жазуучу

  • 11.10.2024
  • 0

10-октябрда Нобел комитети сыйлыкты Түштүк Кореянын жазуучусу Хан Ганга ыйгарганын жарыялады. Жазуучунун «тарыхый травмаларга каршы күрөшкөн жана адам өмүрүнүн морттугун ачкан күчтүү поэтикалык прозасы »  сыйлыкка татыктуу деп табылган.

Нобел сыйлыгына татыган алгачкы түштүк кореялык жазуучу

«Хан Ган өзүнүн чыгармачылыгында тарыхый травмаларга жана көзгө көрүнбөгөн эрежелерге каршы туруп, ар бир чыгармасында адам жашоосу канчалык алсыз экенин ачып берет. Ал дене менен жандын, тирүү менен өлүктүн байланышын уникалдуу баамдап, өзүнүн поэтикалык жана тажрыйбалык стили менен азыркы прозада новаторго айланды», — деп комитетте билдирген.

Сеул Искусство институтунун окутуучусу Хан Ган 54 жашта, ал Нобел сыйлыгына татыган алгачкы түштүк кореялык жазуучу болду, ал буга чейин англис тилине которулган эң биринчи романы үчүн эл аралык Букер сыйлыгын алган.

Бөлүшүү

Комментарийлер