НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН  РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРУЛТАЙЫН «КРЕАТИВ-ТААЛИМ» БАЗАСЫНДА ӨТКӨРҮҮ СҮЙЛӨШҮЛДҮ

  • 09.02.2024
  • 0

Казакстандагы Гёте атындагы институттун тил боюнча иштеринин башчысы Марек Глыгович жана ZFAнын (Германиянын чет мамлекеттердеги мектептерде немис тилин окутуу боюнча борбордук уюму) Бишкек шаарындагы башчысы Штефан Демут, Казакстандагы Гёте институтунун  Бишкек шаарындагы өнөктөштүгүнүн башчысы А.А. Атакеева, Кыргыз Республикасындагы немис тил мугалимдер уюмунун башчысы З.К. Мамбетова биздин «Креатив-Таалим» билим берүү комплексине келишти.

НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН  РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРУЛТАЙЫН «КРЕАТИВ-ТААЛИМ» БАЗАСЫНДА ӨТКӨРҮҮ СҮЙЛӨШҮЛДҮ

Маалыматка ылайык, алар комплекстеги немис тилин окутуунун ыкмалары менен таанышып, мугалимдер жана окуучулар менен баарлашты.

Мындан тышкары 2024-жылдын апрель айында немис тилин окуткан мугалимдердин республикалык курултайын «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин базасында өткөрүү боюнча комплекстин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер