НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ СЪЕЗДДЕ ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 30.04.2024
  • 0

27-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев республикадагы билим берүү уюмдарынын немец тили мугалимдеринин XIV сьездинин ачылышына катышты.

НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИ СЪЕЗДДЕ ОКУТУУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАРЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Ошондой эле ачылышка Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Константин Селенти, Казакстандагы  Гёте институтунун тил бөлүмүнүн жетекчиси Марек Грыглевич катышты.

Съездде мугалимдер окутуунун заманбап усулдарын талкуулап, жаңы окуу китептери, автономдуу окутууда жасалма интеллектти колдонуу, мектепке чейинки окутууда санариптик куралдар, оюндардын жардамы менен грамматиканы үйрөнүү боюнча баяндамаларды угушту.

Муратбек Касымалиев сьезддин катышуучуларына кайрылуусунда министрлик немец тилин окутууну колдой тургандыгын баса белгиледи.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен Казакстандагы Гёте институтунун ортосундагы немис тили мугалимдерин окутуу жана кайра даярдоо, кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу, окутуунун инновациялык технологияларын жана методдорун киргизүү, насаатчылык системасын өнүктүрүү, методикалык колдонмолорду жарыялоо, биргелешкен окуу программаларын жана иш-чараларды уюштуруу үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.

27-28-апрелде Бишкекте өткөн немец тили мугалимдеринин XIV сьезди КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер