НЕКРОЛОГ — ЖАМАЛБҮБҮ АСАНОВА

  • 28.04.2021
  • 0

Ушул жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогика илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Педагогика институтунун мектепке чейинки билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын профессору Жамалбүбү Асанова көз жумду. Маркумдун сөөгү 27-апрелде Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Жамалбүбү Асанова 1934-жылы 17-сентябрда Тянь-Шань районунун Орто-Саз айылында жарык дүйнөгө келген.

1969-жылы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун мектепке чейинки бөлүмүн, 1975-жылы Кыргыз педагогикалык илим изилдөө институтунун аспирантурасын аяктаган.

1977-жылы В.И. Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтунда педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга карата диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1985-жылы ага СССР Министрлер Советинин алдындагы Жогорку аттемтациялоо комиссиясы тарабынан «доцент» окумуштуулук наамы ыйгарылган.

1970-жылдан 1991-жылга чейин В.В. Маяковский атындагы ККПИнин мектепке чейинки педагогика жана балдар психологиясы кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти жана башчысы болуп эмгектенген. 1991-жылдан 2006-жылга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, профессордун милдетин аткаруучу, Мектепке чейинки тарбиялоо педагогдорун даярдоо жана кайра даярдоо борборунун директору болуп иштеген.

1970-жылдан тартып илимий-изилдөө иштерине жигердүү аралашып, Москва, Ленинград, Киев, Минск, Баку шаарларында өткөн илимий-методикалык семинарларга жана конференцияларга катышып, баяндамаларды жасаган. Анын илимий макалалары ар кандай газета, журналдарда жана илимий жыйнактарда жарыяланган. Ал балдарды мектепке чейин тарбиялоо боюнча методикалык куралдарды жана хрестоматияларды, студенттерди болочоктогу адистикке даярдоо боюнча окуу куралдарын жарыкка чыгарган. Ошондой эле ал башка авторлор менен биргеликте 540604 «Мектепке чейинки даярдоо жана балдар психологиясы» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыккан. Анын илимий-педагогикалык жана илимий-методикалык эмгектеринин жалпы көлөмү 185 басма табакты түзөт.

Анын илимий эмгектери жана өлкөбүздүн билим берүүсүнө кошкон салымы өз баасын алган. Жамалбүбү Асановага 1984-жылы Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги, ал эми 2008-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 1991-жылы ал СССР Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2007-жылы ага «Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылган.

Ал өмүрлүк жолдошу, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Даир Асанов менен узак бактылуу өмүр кечирген. Түгөйлөр 4 уулдуу, 19 неберелүү, 20 чөбөрөлүү болушкан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дасыккан педагог Жамалбүбү Асанованын дүйнө салгандыгына байланыштуу Асановдордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жамалбүбү Асанованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер