НЕКРОЛОГ — УНГЕФУХТ ВЛАДИМИР ФИЛИППОВИЧ

  • 28.05.2021
  • 0

2021-жылдын 20-майында 89 жашында Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектептин мурдагы директору В.Ф.Унгефухт дүйнө салды.

Владимир Филипповичтин үй-бүлөсү адегенде Ташкент шаарында, андан соң Чүй облусундагы Молдовановка айылына көчүп келип, отурукташкан. Ошол жерден орто мектепти аяктаган.

Жогорку билимге ээ болгондон кийин эмгек жолу Тянь-Шань районуна караштуу Куйбышев мектебинде башталып, 1955-жылы Эчки-Башы айылында орус тили мугалими, кийинчерээк мектеп директору болуп эмгектенген. Бир жылдан соң, көп жыл бою сүйлөшүп жүргөн, жактырып алган Мария Давыдовна менен баш кошкон. Ушул үй- бүлөдөн 2 кыз 1 уул төрөлүп, азыркы учурда чоң ата, чоң апасынын жолун жолдогон мугалим, мыкты неберлер өсүп чыкты.

1963- жылы Нарын шаарындагы №2 орто мектебинин директору болуп дайындалган. Ал иштеп турган мезгилде мектеп  немец тилин тереңдетип окутуу статусуна ээ болгон. Билим берүүнүн сапатын жогорлатуунун баардык сырларын билип, кадр тандоодо мугалимдердин квалификациясына өтө көңүл бурган. Анткени туура тандоо окутуунун сапатына таасирин тийгизери белгилүү. Ошол жылдары Россия, Белоруссия, Украинанын жогорку окуу жайларына тапшырган бүтүрүүчүлөрдүн жана медалисттердин саны жогорулаган.  Мектептин  бүтүрүүчүлөрү  орус тили жана чет тили мугалимдери, дарыгерлер, инженерлер, укук коргоо жана аскер кызматындагы адамдар , экономисттер жана башка кесипти аркалашып Кыргызстандын булуң-бурчунда айыл чарба тармагында, башкаруу системаларында татыктуу орунду ээлеп, иштеп келе жатышат. КР экс-президенттери А.Акаев менен Р.Отунбаева да аталган мектепте окуп кеткен.

Унгефухт Владимир Филиппович өзү интернационалист адам болгон. Улуттар арасындагы достук  клубун түзгөн. Мектепте он беш союздук республиканын  каада-салт, үрп- адатын  көрсөтүүнү  биринчилерден  болуп жолго  койгон. 1965-жылы В.П.Чкалов орто  мектеби кээ бир  предметтерди тереӊдетип  окутуу  жана окуу  китептерин апробациялоо боюнча  эксперименталдык   мектеп аянтчасы  болду. Мугалимдер  менен бирдикте инсандын  ар тараптуу өнүгүүсүнүн  схемасын  түзүп чыккан. Ошол жылдары көптөгөн  жаңылануулар  орун алган. Мектепте орус тили менен катар кыргыз тилин  окутуу дагы системага киргизилген.

Унгефухт Владимир Филиппович  мектептин бүтүрүүчүлөрү  үчүн кайра келип өз мектебине иштөөсүнө шарт  түзүп берген. Ошол себептен 30дан ашык бүтүрүүчү азыркы учурда өздөрү бүтүргөн  мектепте  иштеп жатышат. Көптөгөн бүтүрүүчүлөр Унгефухт Владимир Филипповичти талапты катуу коё билген  директор катары эле эмес,өз атадай  кам көргөн мыкты  инсан катары  эскеришет. Анткени ал ата-энесинен  ажырап калган окуучуларга терең көңүл буруп, көз жаздымдан чыгарган эмес. Ушундай тагдырга  тушуккан көптөгөн  окуучулар  агайдын үй-бүлөсү  менен тыгыз байланышта болгон.  Бул  салт азыр да 10 жылдык, 20 жылдык, 30-40 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн арасында сакталып келет.

Анын эмгегин облустун, шаардын жетекчилери да жогору баалашкан. Шаардык кеңешке  депутат, Нарын обКОМунун  пленумунда кандидаттыкка мүчө  болуп бир нече жолу шайланган.

Эмгек жолунун  акыркы жылдарында коомдук негизде шаардык профсоюз уюмунун төрагасы болуп иштеген. Жаңы мектептин имаратын тургузууда Владимир Филипповичтин салымы чоң.

Өкмөт дагы агайдын эмгегин баалап, “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйлаган. “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген  мугалими”,  “СССР билим берүүнүн отличниги”,  Бүткүл союздук мугалимдердин съездинин катышуучусу. Өз өмүрүнүн толук 30 жылын В.П.Чкалов орто мектебине арнады. Мектепти жетектеп турган мезгилде жамаат  арасында мыкты атмосфераны түзүп, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө жемиштүү иш алып барды. Союз тараарда, 1990-жылы мектеп жеңип алган Нарын обкомунун жана облисполкомунун , профсоюздук жана комсомолдук уюмдарынын  “Кызыл туусу”  бүгүн дагы мектеп жаратып кеткен ийгиликтердин далили.

Владимир Филиппович  билими боюнча филолог, табиятынан башкаруучу болгон. Жүрөгү кенен, көсөм, акылман жетекчи катарында мугалимдердин жана бүтүрүүчүлөрдүн, жалпы эле Нарын элинин эсинде калат. Унгефухт Владимир Филипповичтин үй-бүлөсүнө, балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

 

Нарын шаарынын В.П.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты , Ч.Тиленбаев, К.Чекиров.

                                                                                              

 

Бөлүшүү

Комментарийлер