НЕКРОЛОГ — ОРОЗБАЕВ ЖЕҢИШБЕК

  • 31.05.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын агартуу тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Тармакта көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келген кесипкөй педагог, мыкты жетекчи Орозбаев Жеңишбек Орозбаевич 2025-жылдын 31-майында мезгилсиз дүйнө салды.

Жеңишбек Орозбаевич 1970-жылы 26-июлда Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында төрөлгөн. Ал өз өмүрүн билим берүү ишине арнап, эмгек жолун Кадамжай районундагы А.Темирбаев атындагы орто мектепте орус тили мугалими болуп баштаган. Андан ары Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда ага окутуучу, директор, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында аппарат жетекчиси, Кызыл-Кыя билим берүү колледжинде директордун орун басары болуп үзүрлүү эмгектенген. Соңку жылдары Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келген.

Жеңишбек Орозбаевич жаштардын билимге кызыгуусун арттырып, агартуучулук иши менен аймактын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Жеңишбек Орозбаевич жүрөгүбүздүн түпкүрүндө мекенчил атуул, мыкты педагог катары кала берет. Анын жаркын элеси эсибизде өмүр бою сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, Н.С. Джусупбекова, Л.А. Самыкбаева, А.Д. Махметкулов, А.С. Кусейинова, Н.А. Касымова, А.Т. Исраилова, Г.Т. Чотбаева, Н.К. Дюшеева, А.Д. Токтомаметов, Б.С. Шамшидинова, Д.С. Мусина ж.б.

Бөлүшүү

Комментарийлер