НЕКРОЛОГ — АЙЖИГИТОВА МЕХРИНСА АБДИРАШИТОВНА

  • 28.07.2021
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагы бүгүн оор жоготууга учурады, анткени өмүрүнүн 44 жылын агартуу тармагына арнаган дасыккан адис, мыкты жетекчи, Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору Айжигитова Мехринса Абдирашитовнаны ажал арабыздан алып кетти.

М. Айжигитова 1960-жылдын 12-февралында Ош областынын Баткен районундагы Согмент айылында туулган.

Эмгек жолун 1977-жылы Баткен районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепте улук пионервожатый болуп иштөөдөн баштаган.

1979-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, 1984-1989-жылдары, Баткен районундагы В.И. Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

1989-1990-жылдары Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө методист, 1990-1992-жылдары Жалал-Абад маданият техникумунда окутуучу, 1993-1997-жылдары кайрадан Баткен районундагы В.И. Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими, 1997-2000-жылдары Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, 2000-2001-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясында жалпы бөлүмдүн жетекчиси, 2001-2005-жылдары Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2005-2008-жылдары Баткен аймактык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жүрүп, 2008-жылдан бери Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору кызматында үзүрлүү эмгектенип келди.

М. Айжигитова эмгегинин жана билиминин аркасы менен жөнөкөй мугалимдиктен баштап бир топ жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.

Мыкты иш билги, уюштургуч жетекчи катары кесиптештеринин арасында да кадыр-баркы зор болчу. Областтын билим берүү тармагын алдыга жылдыруудагы, ошондой эле  областтык билим берүү усулдук борборун түптөөдөгү эмгеги өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Айжигитова окуучулардын билим деңгээлинин мыкты болушунун негизги фактору – туура чечилген кадр маселеси деп эсептеп, мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүсү үчүн шарттарды түзүп келди.

Мындан сырткары да бир топ областтык деңгээлдеги кароо-сынактарды, олимпиада ж.б. иш-чараларды жогорку уюшкандыкта өткөрүүдө да өзүнүн мыкты уюштургуч жетекчи экенин көрсөтүп келди.

М. Айжигитова билим берүү тармагында ар кандай долбоорлор менен иштешүү аркылуу өзүн жөндөмдүү адис, машыктыруучу катары таанытып, облустагы мугалимдерге усулдук-теориялык көмөк көрсөтүп келди. Бул эмгеги ЮСАИД, ЮНИСЕФ ж.б. уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жогору бааланып, сертификаттар, ыраазычылык каттар менен сыйланды.

М. Айжигитова көп жылдан бери билим берүү тармагынын көйгөйүн, аны чечүүнүн натыйжалуу жолдорун билген адис, көрөгөч жетекчи катары таанымал. Анын көп жылдык эмгегине жетекчилик өз баасын берген: ал райондук, областтык мамлекеттик администрациялардын жана Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, “Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы” төш белгиси менен сыйлаган.

М. Айжигитова өзгөчө эмгекчилдиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси, боорукерлиги жана жөнөкөйлүгү менен элдин эсинде түбөлүккө жашай берет.

Билим берүү жана илим министрлигинин, анын ичинде Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун, эмгек жамааты маркумдун балдарына, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер