НЕКРОЛОГ — АКМАЛ БУВАБАЕВ

  • 26.03.2021
  • 0

Билим жана илим берүү чөйрөсү оор жоготууга учурады. Күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен билим берүүгө өз салымын кошуп, өз эмгеги менен элге таанылып келе жаткан жаш, катардагы эмгекчил мугалим Акмал Бувабаев мезгилсиз каза болду.                                                                                                                     

 Бувабаев Акмал Арабжанович 1986-жылдын 17-декабрында Ош шаарында жумушчу үй–бүлөсүндө туулган.  1991-жылы Кара-Суу районуна караштуу №65 М. Сабиров атындагы орто мектебине окууга кирген. 2002-жылы  Кыргыз-Өзбек университетине программист адистигине тапшырып, аны 2007- жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

2007-2010 жылдары Ош МЮИ де информатика мугалими катары эмгек жолун уланткан.

Ал эми 2011-2016 жылдары Ош шгаарындагы №10 Ленин атындагы мектепте информатика мугалими болуп эмгектенген.

2016-жылдан тартып азыркы күнгө чейин  шаардагы №44 негизги мектепте дене тарбия мугалими кесибин аркалады.

2019-2020-окуу жылында шаарыбыздын №46-орто мектебинде кошумча информатика мугалими болуп эмгек жолун уланткан.

2020-2021 окуу жылында ишине байланыштуу КӨУ( Кыргыз Өзбек Университетине) дене тарбия (ДТз-2-18) адистиги боюнча окууга тапшырып, учурда үчүнчү курстун студенти болуп  сырттан окуусун  ийгиликтүү улантып келген.

Бувабаев Акмал Арабжанович агартуу майданында жаш,эмгекчил педагог катары жалпы 14 жыл үзүрлүү кызмат кылды.

Ал өзүнүн кесипкөйлүгү, жөнөкөйлүгү, аракетчилдиги жана тынымсыз эмгеги менен бирге иштеген  кесиптештери жана окуучулары менен болгон жакшы мамилеси, аларга берген билим-тарбиясы аркылуу жалпы коомго таанылды.

Бувабаев Акмал Арабжанович өз кесибин сүйгөн мугалим болуу менен сабактарын кызыктуу өтүп, спорттук таймаштарга активдүү катышып, спорттун  тогуз коргоол, шахмат турлөрү боюнча шаардагы байгелүү орундарды ээлеп, бир топ ийгиликтерди жаратты.

Бувабаев Акмал Арабжанович аракетчил, мээнеткеч жана өз кесибин сүйгөн жөнөкөй  мугалим катары ар дайым коллегаларынын жана досторунун эсинде анын элеси түбөлүккө калат.

Бейшеналиев А.Б., Ташиев Ж.А., Джусупбекова Н.С., Омуров Н.К., Усеналиев М.Ж., Сыдыбаев А.Б.,  Аматова С.Ю., Турдубаева Г.М., Мусаев М.О., Ахматалиев М.Т., Машрапова Г.Э., Абдыкадырова А.Б., Асанбаев А.Ж., Кенеев У.И., Бактыбаев П.М., Шамаматов Н.М.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер