НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ КМУДА ДАРС ОКУДУ

  • 21.10.2019
  • 0

19-октябрда Казакстандын Нурсултан Назарбаев университетинин профессору Шаматов Дүйшөн И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин профессордук-окутуучулар курамына “Педагогикадагы илимий изилдөө усулдары (эл аралык тажрыйба)” деген темада дарс окуду.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ КМУДА ДАРС ОКУДУ

Анда бүгүнкү билим берүүдөгү реформалар, педагогдун иш алып баруусу, аброю, педагогдордун өз ара кызматташуусу, окутуудагы так жана пайдалуу максат коюнун мааниси, сабакка катышуунун пайдасы жана моделдери, эл аралык ПИЗА сынагы жана Кыргызстан (Proqremme for intermational Student Assessment – окуучулардын билимин баалоо боюнча эл аралык программа), билим берүүдөгү жана аны жарыялоодогу эл аралык стандарттар тууралуу маселелер тууралуу айтып берди. Лекция профессордук-окутуучулар арасында талкууну пайда кылып, кызыктуу пикирлер менен аяктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер