НАСЫР ДАВЛЕСОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ СТУДЕНТТЕРГЕ ОНЛАЙН ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 16.06.2020
  • 0

Кечээ Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар композитор Насыр Давлесов атындагы стипендия онлайн тапшырылды.  

НАСЫР ДАВЛЕСОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ СТУДЕНТТЕРГЕ ОНЛАЙН ТАПШЫРЫЛДЫ

Салтанатка окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов, музыка факультетинин деканы Гүлмира Жакиева, хор дирижерлугу кафедрасынын доценти Любовь Бруг, оркестр дирижерлугу кафедрасынын башчысы Чолпон Турумбаева, салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы Самат Көчөрбаев жана композитордун уулу Айбек Давлесов катышты.

НАСЫР ДАВЛЕСОВ АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ СТУДЕНТТЕРГЕ ОНЛАЙН ТАПШЫРЫЛДЫ

Белгилей кетсек, Насыр Давлесов атындагы стипендия музыка факультетинин деканы Гүлмира Жакиева тарабынан демилгеленип, Насыр Давлесовдун үй-бүлөсүнүн жана небереси Иса Иманбаевдин демөөрчүлүгү астында аталган факультеттин мыкты окуган студенттерин шыктандыруу максатында уюштурулуп келет. Бул жолу калыстар тобунун чечими менен оркестр дирижерлугу кафедрасынын 3-курсунун студенти Алтымышова Нуржайна, хор дирижерлугу кафедрасынын 3-курсунун студенти Канатбек уулу Нурсултан, салттык музыка жана фольклор кафедрасынын 4-курсунун студенти Бекмурзаева Гүлбадам аталган стипендияга татыктуу деп табылышты. Жыл сайын чоң салтанат менен тапшырылып келген стипендия бул жолу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн тапшырылып, стипендиант студенттер видео байланыш аркылуу катышты.

Жагдайдан улам стипендиянын сертификаттары кафедра башчыларына тапшырылып, ал эми акчасы студенттерге банк аркылуу жөнөтүлө турган болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер