НАСААТЧЫЛАРЫМА ЫРААЗЫМЫН!

  • 15.03.2022
  • 0

Менин мугалимдик кесипти аркалап калышыма ортоктош болуп келишкен устат мугалимдерим бар. Бүгүн алар жөнүндө кеп кылууну эп көрүп олтурам.

Биздин Аксы районундагы Сармат Качыкеев атындагы N1 Таш-Дөбө жалпы орто билим берүүчү мектебинде өздөрүнүн бай тажрыйбаларын, баалуу кеп-кеңештерин жаш адистер менен бөлүшкөн устат мугалимдер арбын. Алар өздөрүнүн сөздөрүн иш жүзүндө далилдеп, эмгектен ийгиликтерди жараткан, анын артында кадыр-баркка ээ болгон чыныгы педагогдор. Жамаатыбыз алардын бай тажрыйбасына, жаштардын дем-күчүнө таянып, бир топ ийгиликтерди жаратып келүүдө.

НАСААТЧЫЛАРЫМА ЫРААЗЫМЫН!

Мектеп директору Мирзахмедова Умсунай Жоробаевна башында турган ардагер мугалимдерибиз, тактап айтканда, Жаббаркулова Ханифа, Ибраимова Назира, Кенжебаев Бекмурат, Алимова Карима, Эсенбаева Айзада, Дүйшөбаева Айнагул, Темишов Акпар сыяктуу агай-эжейлер ар дайым билим берүү тармагында бизге үлгү болуп, жаш кесиптештерин ийгиликтерге шыктандырып келет.

НАСААТЧЫЛАРЫМА ЫРААЗЫМЫН!

Өткөн сабактарыбызга катышып, аларга толук талдоо жүргүзүп, ийгилигибиз болсо мактап, кемчилик болсо четтетүүнүн жолун көрсөтүп, устаттык насаатарын беришүүдө. Ал тургай, турмуштук көйгөйлөрүбүздү аларга айтып, чечүүнүн жолун сурап калган учурларыбыз да бир топ. Мугалимдик кесиптин түйшүгүн тартып, көзүбүзгө жаш алган учурда, жашыбызды сүртүп, бешенебизден сылап, айрым учурда катуураак айтып курчутуп, мыкты мугалим болушубузга өбөлгө түзүшөт.

Мен мугалим катары эмгек жолумду ушул мектептен баштап, өз кесибин сүйгөн улуу устаттарга шакирт болуп калганыма абдан кубанам жана алардын ишенимин аткарууга толук аракет кылам. Педагогикалык эмгек жолумда жаралган аздыр-көптүр ийгиликтеримде жогоруда аты аталган устат мугалимдердин салымы өтө чоң.

НАСААТЧЫЛАРЫМА ЫРААЗЫМЫН!

Мен да ушул агай-эжейлердей болуп педагогдук кесипти жигердүү аркалап, андан кадыр-барк, сый-урмат тапсам деп тилек кылып келем. Бар болуңуздар, менин чыныгы устаттарым! Силердин алтынга тете акыл-насааттын аркасында бизде ийгиликтер арбын жарала беришин тилек кылып, Сиздерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалап кетем.

АБДЫБЕК кызы Айша,
Аксы районундагы Сармат Качыкеев атындагы N1 Таш-Дөбө жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер