НАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАН КАНТИП САКТАНУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

  • 27.02.2020
  • 0

Нарын районундагы мектептер менен бала бакчаларда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, иш-чарага 429 окуучу жана 84 мугалим катышкан.НАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАН КАНТИП САКТАНУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Маалым болгондой, Лахол жана Жер-Көчкү айылдарындагы К.Рысмендеев менен Б.Кыязов атындагы орто мектептеринин окуучуларына жана «Баластан Лахол», «Ак Ниет» бала бакчасынын тарбиялануучуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аңгемелешүү жүргүзүлдү.

Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен Нарын РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери өзгөчө кырдаал катталган учурда адам өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөтүштү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер