НАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАР КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТ

  • 24.06.2025
  • 0

Нарын облусу боюнча 160 окуучу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти.

Маалыматка таянсак, 2024-2025-окуу жылында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон теңиртоолук окуучулар, эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана спорт тармагында жогорку жыйынтыктарды көрсөткөн балдар  “Алтын-Балалык” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна эс алууга жөнөтүлдү.  Алардын коопсуздугун камсыз кылууга  20 мугалим коштоп кетти.

Маалымат үчүн белгилесек,  Чолпон-Ата шаарындагы  аталган борборго  буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон  100 бала эс алып келишкен.

НАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАР КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТНАРЫНДЫК ОКУУЧУЛАР КӨЛДӨ ЭС АЛЫШАТ
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер