Нарындагы мектептерге жана бала бакчаларга видеокамералар орнотулду
- 10.02.2025
- 0
Нарын облусунда мектептерде жана балдар бакчаларда көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералар ишке киргизилди. Бул тууралуу Президенттин Нарындагы аймактык өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облуста 140 мектеп жана 145 бала бакча бар. Мектептер интернет байланышы менен толук камсыз болуп, бардыгы 1 миң 610 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле, 145 бала бакчанын 112 бала бакчасына 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Калган бала бакчаларда дагы видеокөзөмөл жүргүзүү уланууда.
Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар мындан ары дагы уланып, контролдоо системалары, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу пландалууда.
Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,
«Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер